21 октябрь 2025
16
ОшМПУда социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди
ОшМПУда социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 19-октябрь — социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага арналган маданий кече уюштурулду.
Иш-чара окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин деканы Нурбек Маткаримов, университеттин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу, окутуучулар жана студенттер катышты.
Кечеде таланттуу студенттер коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүп, зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон кыздардын тагдырын чагылдырышты. Ошондой эле чакан концерттик программа тартууланып, ыр-бийлер, обондуу чыгармалар аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Мындан сырткары, социалдык иш адистигинде билим алып, окууда мыкты жетишкендиктерге ээ болгон жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Эскерте кетсек, ОшМПУда “Социалдык иш” адистиги 2007-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен ачылган. Ошондон бери бул багыт жүздөгөн адистерди даярдап, коомдун социалдык тармагына өз салымын кошуп келе жатат. Учурда да бул адистикте бир топ студенттер билим алып, өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө бараандуу салым кошууга даярдалып жатышат.


