21 октябрь 2025
17
Зомбулуктун курмандыгы болгон кыздар эскерилди
Зомбулуктун курмандыгы болгон кыздар эскерилди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон кыздардын тагдыры эскерилди.
Мында сахнага чыккан студенттер Айсулуу, Айкыз, Асел, Айзирек жана Айзада сыяктуу зомбулуктун курмандыгына чалынган кыздардын атынан сүйлөштү. Алардын ар бири кыздардын жан дүйнөсүн, акыркы ойлорун, жүрөктөгү сызын элестетип, монолог катары коомчулукка жеткирди.
Ар бир сөз – көз жаштай оор, ар бир тыныгуу – үнсүз кыйкырык болду. Кээ бири ата-энесине “силерди сагындым, эмнеге аялдын үнүн эч ким укпайт?”-десе, айрымдары “мен жөн гана тынч, бактылуу жашоодо жашагым келчү”-деп ыйлады, башкалары “эркектик күч – аялды уруп, сабоодо, коркутууда эмес, аны коргоодо” деген терең үмүтүн айтты. Бул жөн гана сахналык көрүнүш эмес, чындыктын элеси, учурдун актуалдуу темасы, зомбулукка каршы ойготкон үн болду.
Иш-чаранын соңунда “Бардык аялзаты бактылуу жашоого татыктуу!”-деген ураан жаңырып, залдагы көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш тегеренди. Натыйжада коомдогу ар бир адам зордук-зомбулукка кайдыгер карабоого, айланасындагы ар бир кыз-келиндин үнүн угууга, кызга кырк үйдөн тыюу эмес, кырк үйдөн сүйүү көрсөтүүгө чакырыктар ташталды.


