БАРДЫК КЫЗДАР БАКТЫЛУУ ЭНЕ БОЛУШУ КЕРЕК! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » БАРДЫК КЫЗДАР БАКТЫЛУУ ЭНЕ БОЛУШУ КЕРЕК!
23 май 2023
291

БАРДЫК КЫЗДАР БАКТЫЛУУ ЭНЕ БОЛУШУ КЕРЕК!

БАРДЫК КЫЗДАР БАКТЫЛУУ ЭНЕ БОЛУШУ КЕРЕК!
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Кыздар кордоого эмес, колдоого муктаж" аталышында маалымат жыйыны болуп өттү.
Иш чара окуу жайдын Кыргыз-Россия факультетинин аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага врач – гинеколог Жылдыз Таштанкулова, психолог Гульнара Оңкошова, лектор Гульсана Абытова жана университеттин кыздар жамааты катышты.
Ага ылайык коноктор, учурда кыздардын үй бүлөдөгү орду, алардын билимдүү болуусу канчалык деңгээлде маанилүү экендиги, өзүн-өзү баалоонун жогору болуусу, өзүн-өзү сыйлоо компоненттери жөнүндө кеңири маалымат берип, ар бир аялзатын ойлондурган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып берди. Соңунда катышуучулардын ар кандай багытта берилген суроолоруна жооп берип, болочок энелерди билимдүү жана үлгүлүү апа болууга чакырды.
Азыркы коомдун урунттуу учурларын эске алуу менен жаштарга туура багыт жана тарбия берүү улуу муундан көз каранды. Ошондуктан окуу жайда бул сыяктуу маалымат жыйындарын өткөрүү негиздүү жана максаттуу.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro