Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ЖАМААТЫ ЖАҢЫ ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
27 октябрь 2023
143

ОшМПУнун ЖАМААТЫ ЖАҢЫ ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

ОшМПУнун ЖАМААТЫ ЖАҢЫ ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Танаева Нургуль Шарабидиновна кандидаттык дисертациясын ийгиликтүү коргоду.
Окумуштуу өзүнүн илим изилдөө ишин 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча “Вербалдык эмес каражаттардын көркөм текстте маалымат берүүчүлүк өзгөчөлүгү” деген темада жүргүзүп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн дисертация жазган.
Нургуль Шарабидиновна кандидаттык дисертациясын филология илимдеринин доктору, доцент Даир Кенжебаевдин жетекчилиги астында изилдеди. Коргоо иши 2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү.
Урматтуу Нургуль Шарабидиновна! Сизди илим жаатында жараткан ийгилигиңиз менен университеттин жалпы эмгек жамааты кызуу куттуктайт. Мындан ары да билим берүү тармагында ак кызмат өтөп, жаштарга талыкпай билим берүү менен окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошо беришиңизге тилектешбиз.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro