ДОЦЕНТ ТАШБОЛОТ ЖОРОЕВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ДОЦЕНТ ТАШБОЛОТ ЖОРОЕВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
27 ноябрь 2023
75

ДОЦЕНТ ТАШБОЛОТ ЖОРОЕВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

ДОЦЕНТ ТАШБОЛОТ ЖОРОЕВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде филологиялык билим берүү багытында “Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү сабактары” аталышында конок – лекция уюштурулду.
Иш чаранын коногу Ош мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу борборунун директору п.и.к., доцент Ташболот Жороев болуп, ал Кыргыз – Россия факультетинин бүтүрүүчү курстарынын студенттерине лекция окуду.
Мында лектор ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүк берген каражаттар жана технологиялар, жумшак көндүмдөрдүн түрлөрү, коммуникативдүүлүк, аналитикалык ой жүгүртүү, сабактарды уюштуруу жана өткөрүүдө колдонулуучу көндүмдөр жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мындан сырткары лекция суроо-жооп менен коштолду. Катышуучуларды бир топ кызыктырган суроолорго лектор жооп берип, лекцияны бышыктады. Белгилей кетсек, иш чара Кыргыз – Россия факультетинин 20 жылдыгына карата өткөрүлүүчү бир айлыктын алкагында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro