ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДАҢКТАЛАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДАҢКТАЛАТ
8 декабрь 2023
218

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДАҢКТАЛАТ

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДАҢКТАЛАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Эгер адам өз тилин ыйык тутса, башка тилди билүүдөн эч качан баш тартпайт” деген аталышта Чыңгыз Айтматовго арналган адабий – музыкалык кече өттү.
Иш чара студенттердин жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндөгү билимдерин бекемдөө, кош тилдүүлүктү көрсөтүү, жазуучунун чыгармаларын тереңдетип үйрөтүү максатында уюштурулуп, ага ректор Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат, окутуучулар жана студенттер катышты.
Адабий кече алгач студенттердин турналар бийи менен башталып, андан соң Елабуга мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучуларынын жана студенттеринин онлайн куттуктоосу айтылды. Ошондой эле Айтматов жөнүндө эл билбеген кызыктуу маалыматтарды камтыган видео тасма коюлуп, студенттер Ильяздын ырын ырдап, жазуучунун чыгармаларынан көркөм окушуп, үзүндүлөрдү аткарышты.
Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргыз – Россия факультетинин 20 жылдыгына карата уюштурулган бир айлыктын алкагында жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro