КЫРГЫЗ – РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АТА – ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
КЫРГЫЗ – РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ АТА – ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз – Россия факультетинин студенттеринин ата – энелери менен жолугушуу уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө аталган факультетте билим алып жаткан студенттердин ата – энелерине чогулуш өткөрүлүп, мында ата – энелерден анкеталар алынып, окутуучулар тарабынан факультет жана андагы ишмердүүлүк туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Андан соң саамалыктын расмий бөлүгү чоң жыйындар залында уланып, ага Кыргыз – Россия факультетинин деканы Айдың Токтосунова баштаган жамаат, окутуучулар, ата – энелер, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышты. Мында таланттуу студенттер обон созуп, бий бийлеп, ыр саптардан көркөм айтып, сахналык көрүнүштөрдү аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты.
Бул менен бирге окууда мыкты ийгиликтерге жетишип, коомдук иш чараларга активдүү катышкан студенттерге окуу жайдын Ардак грамотасы жана ата – энелерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.