ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
22 сентябрь 2024
37

ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү белгиленип, “Кыргыз тили - элибиздин дөөлөтү” аталышында адабий кече болуп өттү.
Иш чара мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулуп, ага тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов жана окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук окутуучулук жамаат, студенттер катышты.
Саамалык КРнын мамлекеттик гимни менен башталып, кечени университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берди. Ал жалпы жамаатты тил майрамы менен кызуу куттуктап, өз сөзүндө коомчулукта адабий тилде сүйлөө муктаждыгы бар экендигин айтып, тилди урматтоо, сыйлоо, аны бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү парз экендигин баса белгиледи.
Андан соң кыргыз тили жана адабияты адистигинин 1-курстары тарабынан эне тилди даңазалаган майрамдык салтанат тартууланды. Мында катышуучулар тарабынан Манас эпосунан үзүндү айтылып, поэзия окулуп, тилдин улуулугун, маанилүүлүгүн даңктаган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле жаш таланттар обондуу ырларды жаңыртып, бий бийлешип, кыргыз улуттук кийимдер көргөзмөсүн уюштуруп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro