22 октябрь 2024
33
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮРКСОЙДОГУ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ КАНАТ МАМБЕТАЛИЕВ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮРКСОЙДОГУ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ КАНАТ МАМБЕТАЛИЕВ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Түрксойдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду.
Иш чара эки бөлүктөн туруп, алгачкы бөлүгүндө Түрксойдун туруктуу өкүлү Канат Мамбеталиев Кыргыз-Россия факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты адистигиндеги студенттерге семинар өтүп, Түрксой эл аралык уюму менен жакындан тааныштырды. Аталган саамалык студенттердин өзү жашаган өлкөсүнүн улуттук маданиятына, руханий баалуулуктарына, түрк дүйнөсүнүн жалпы дөөлөтөрүнө болгон кызыгуусун, сүйүүсүн ойготуу, маданий дүйнөнү кабылдоо сезимин жандандыруу аракетине көмөк жана шык берүүнү көздөйт.
Аны улай профессор дене тарбия факультетинин окутуучулар жамаатына жана студенттерине “Салттуу дене маданияты, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” аталышында лекция окуду. Мында катышуучулар кыргыздын улуттук оюндарынын артыкчылыктары, көчмөндөр оюндарынын маданиятын сактап калуу, оюндарды интеграциялоо процесстери, маданият программасы, салттуу дене маданиятынын теориясы жана практикасы боюнча кеңири маалыматка ээ болушту. Соңунда студенттер кызыккан суроолорду берип, лектор тарабынан тиешелүү жооптор алынды.