ОшМПУда 4-ДЕКАБРЬ - “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда 4-ДЕКАБРЬ - “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
4 декабрь 2024
0

ОшМПУда 4-ДЕКАБРЬ - “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда 4-ДЕКАБРЬ - “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде “Манас” эпосунун күнүнө карата конок – лекция өткөрүлдү.
Ага кыргыз тили жана жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана англис тили, социалдык иш, биология, кыргыз тили жана жана адабияты адистигинин студенттери катышты. Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө “Манас” эпосунун күнүнө арналган видео тасма коюлуп, таланттуу студенттер тарабынан эпостон үзүндүлөр айтылды.
Аны улай Ош мамлекеттик университетинин доценти, т.и.к., этнограф Абдумиталип Мурзакметов студентерге конок-лекция өттү. Мында лектор “Манас” эпосун башка адистиктин студенттери эмне үчүн окууга милдетүү деген ойлордун негизинде суроо-жооп уюштуруп, эпостогу эр жигиттин, эл башчынын жана аялзатынын образы боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле “Манас” эпосун окутуу аркылуу манас таануу предметинде улуттук адамзаттык баалуулуктар, анын ичинен кыргызга тиешелүү баалуулуктар боюнча да кеп козгоду.
Лекциянын алкагында “Манас” эпосу боюнча көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө этнограф Абдимиталип Мурзакметовдун жеке китепканасынан алынып келинген. Анда “Манас” эпосуна байланышкан китептер, тексттер, монографиялар, андан сырткары сувенирлер, чөнтөк календарлар, төш белгилер коюлду.
Аталган конок-лекция кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Уланбек Нажимидинов тарабынан окутуучуларга, студенттерге “Манас” эпосунун күнүн таанытуу, "Манас" эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтууга чакыруу, даңазалоо максатында 12-декабрь-улуттук адабият күнү жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата пландалган жумалыктын негизинде уюштурулду. Жумалыктын алкагында алдыда эссе жазуу, окурмандар конференциясы, викторина, китеп окуу сынагы, көргөзмө жана адабий кечелер өткөрүлөт.
Маалымат иретинде 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro