9 декабрь 2024
76
ОшМПУ ЖАНА ОшМУ ЖАШТАРЫ АДАБИЙ ВИКТОРИНАДА
ОшМПУ ЖАНА ОшМУ ЖАШТАРЫ АДАБИЙ ВИКТОРИНАДА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде “Айтматов ааламында” аттууу адабий викторина өткөрүлдү.
Иш чарага аталган факультеттин окутуучулары жана студенттери күбө болушту. Мында ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун КЛб-2-24 тайпасы менен окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты адистигинин Кт-24 тайпасынын студенттеринин ортосунда кызуу мелдеш жүрдү.
Викторина 10 баскычтуу тапшырмадан түзүлүп, бир гана окуп-билүү багытында гана эмес, студенттердин чыгармачылык дараметин көрсөтүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.Таймаш кызыктуу эмоциялар менен коштолуп, студенттер алган билимдерин таразалап, натыйжада жазуучунун чыгармалары менен дагы да кеңири таанышуу, окуп чыгуу зарыл экендигин белгилешти.
Саамалык окуу жайлар аралык достукту, мамилени чыңдоо, адабий байланыш түзүү, көркөм чыгарма окууга шыктандыруу, атаандаштыкта билим алууга багыттоо, көркөм чыгарма менен таанышуу, жазуучулардын идеяларын анализдөөгө багыт берүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек бул мелдеш Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында ѳткѳрүлүп жаткан саамалыктарды улоо менен биргеликте окуу жайдын 100 жылдык мааракесин утурлап, 12-декабрь-Улуттук адабият күнү жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан өткөрүлүп жаткан жумалыктын алкагында уюштурулган.



