12 декабрь 2024
47
ОКУУ ЖАЙДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
ОКУУ ЖАЙДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 12-декабрь – Улуттук адабият күнү белгиленди.
Ага ылайык окуу жайдын Кыргыз-Россия факультетинин жана колледждин таланттуу студенттери тарабынан адабият алптарын даңазалаган адабий-музыкалык кече тартууланды. Кечеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту.
Сахнада Чыңгыз Айтматовдун каармандары сүйлөп, чыгармалары жандуу аткарылды. Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун ырларынан көркөм окулуп, обондуу ырлар жаңырды. Бул менен бирге аталган залкар инсандардын чыгармаларынан экран аркылуу видео тасмалар коюлуп, стол үстүнө көргөзмөлөр жайылды. Иш чаранын соңунда активдүү катышкан студенттерге уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды.