16 апрель 2025
17
ОшМПУнун студенти республикалык олимпиадада 1-орун
ОшМПУнун студенти республикалык олимпиадада 1-орун
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти ЖОЖдор аралык Мамлекеттик тил боюнча студенттердин республикалык олимпиадасында 1-орунга ээ болду.
Сынактын алгачкы этабы Ош шаарында өткөрүлгөн. Ал эми жыйынтыктоочу тур Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп, ага 13 жогорку окуу жайдын студенттери катышты. Мында алар кыргыз тилинде жат жазуу, көркөм окуу жана орус тилиндеги анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которуу багытында жогорку билим деӊгээлдерин айгинелешти.
Натыйжада университеттин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Зарина Туменова финалда 1-орунга ээ болуп, ага “Мыкты тил билги жана жат жазуу” номинациясы ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө сертификаттар, баалуу сыйлыктар жана белектер тапшырылды. Ошондой эле аталган олимпиадага студенттерди жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн окутуучулар Гүлбара Көлбаева жана Таттуугүл Орозалиева ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.
Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулуп, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган.