ОшМПУда өткөрүлгөн педагогикалык көпүрө программасынын 2-күнү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда өткөрүлгөн педагогикалык көпүрө программасынын 2-күнү
24 апрель 2025
18

ОшМПУда өткөрүлгөн педагогикалык көпүрө программасынын 2-күнү

ОшМПУда өткөрүлгөн педагогикалык көпүрө программасынын 2-күнү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүндөгү педагогикалык билим берүүнүн калыптанышы жана өнүгүү тарыхы боюнча иш-чара өттү.
Саамалык онлайн жана офлайн форматта өткөрүлүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Белоруссия өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын көрүнүктүү педагог-илимпоздору, окумуштуулар, окутуучулар, мектеп мугалимдери жана студенттер катышты.
Ага ылайык программанын 2-күнү катышуучуларга Шадрин мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Элиетта Бурнашева “Бамбук принциби”, “Мугалимдин жеке жана кесиптик өнүгүү технологиясы” темасында мастер-класстарды өттү. Бул менен бирге аталган университеттин доценти Галина Сергеевна “Функционалдык сабаттуулук - жашоо үчүн үйрөнөбүз” аталышында семинар өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп кетти. Соңунда курстан өткөн катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек иш-чара университеттин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулуп, аталган семинарлар ЖОЖдор аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн жана тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтчасы боло алды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro