28 апрель 2025
10
ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН КӨРКӨМ ОКУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ
ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН КӨРКӨМ ОКУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин көркөм окуу боюнча сынагы болуп өттү.
Иш чара “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыктын алкагында мамлекеттик тилдин коммуникативдик кызматын күчөтүү, студенттерге руханий баалуулуктарды үйрөтүү, алардын көркөм-эстетикалык шыгын өнүктүрүү жана кыргыз тилинин кеп маданиятынын өркүндөшүнө өбөлгө түзүү максатында өткөрүлдү.
Сынакка университететтеги 1-2-курстун студенттери катышып, алар С.Жусуевдин ырларынан көркөм окушуп, калыстар тобу тарабынан ырды айтуу чеберчилигинин өзгөчөлүктөрү менен бааланып, мыктылары байгелүү орундарга ээ болушту. Мындан сырткары жаш манасчылар эпостон үзүндүлөрдү айтышып, обондуу чыгармалардан аткарышты.