Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда Алымбек Датканын 225 жылдыгы белгиленди
16 сентябрь 2025
34

ОшМПУда Алымбек Датканын 225 жылдыгы белгиленди

ОшМПУда Алымбек Датканын 225 жылдыгы белгиленди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде “Кыргыздын чыгаан уулу – Алымбек датка” аталышында иш-чара өттү.
Ага факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, улуу тарыхый инсандын өрнөктүү өмүр жолун дагы бир ирет эскеришти.
КТ-23 тайпасы жана куратору Гүлбара Көлбаеванын демилгеси менен уюштурулган иш-чарада таланттуу студенттер тарабынан ыр-бийлер, көркөм окуулар, сахналык көрүнүштөр жана атайын даярдалган видео тасма көрсөтүлдү. Алар аркылуу Алымбек Датканын кыргыз элинин эркиндиги жана биримдиги үчүн кылган кызматы даңазаланды.
Аталган саамалык жаштардын тарыхый инсандардын мурасын терең таанып-билүүсүнө, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө багытталды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro