математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » математика жана компьютердик технологиялар факультети
1 ноябрь 2022
412

математика жана компьютердик технологиялар факультети

5.02.22. Ош МПУда  магистрлер үчүн “Окутуунун инновациялык усулдары” аталышында усулдук семинар болду.

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистрлери үчүн усулдук-практикалык семинар уюштурулуп жатат. Аталган саамалык “Окутуунун инновациялык усулдары” аталышында болуп, ага окутуучулар жана университеттин магистрлери катышууда.

Семинарда Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы жана  математика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары тарабынан  төмөндөгү багыттар иш алып барылды:

  • сабакка кызыктыруунун ыкмалары Иметалы кызы А;
  • интерактивдүү досканы пайдалануунун технологиясы Жумабаева А, Бактыбек кызы А;
  • Google программасынын тиркемелери менен иштөө (Paer Deck), (VideoPad) Ырысбаева А;

Жыйынтыгында семинарга катышкан магистрлерге уюштуруу тобу тарабынан сертификаттар тапшырылып, андан соң ар бир факультетте чакан жыйындар уюштурулду. Ал эми иш чаранын экинчи бөлүгү дистанттык билим берүү борборунда уланып, мында магистрлер семинарда алган билимдерин практика жүзүндө ишке ашырып, колдонмолорду өз алдынча жасап көрүштү.

Бул семинар билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн заманбап билим берүү технологияларын жайылтуу максатында магистратура бөлүмү менен бирге Математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.  

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro