Математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
19 ноябрь 2022
296

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция  жана профессор менен жолугушуу  болду. Аны Математика жана компьютердик технологиялар факультети уюштурду.

Профессор менен жолугушуу  атайын студенттерге уюштурулду. Алгач агайдын өмүр таржымалы жөнүндө видео ролук жана доклад окулду.  Жолугушуунун максаты агайындын ийгиликтери менен бөлүшү жана аны студенттерге жеткирүү. Студенттер, кесиптештерин кызыктырган суроолор жана көйгөйлүү маселелер айтылып ага  кызыктуу, жеткиликтүү  жоопторго ээ болушту. Жолугушуу андан ары факультети тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.

Иш чара “Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү” аталышында болуп, ага Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад  жана Ош облусундагы ЖОЖдордун студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучулар алгач  Мадраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган тасмага күбө болушту. Аны улай пленардык жыйында студенттер өз баяндамаларын жасашты.

Университеттин илимий иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров бүгүнкү конференция жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, иш чаранын жүрүшүнө токтолду.

“Конференцияга жалпы 119 макала келип түшкөн. Катышуучулар 5 секцияга бөлүнүшүп, макаларалын коргошту. Ал эми пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндамалар өзгөчө жана мыкты болду деп белгилейм. Мындан сырткары секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамаларын коргогон соң, жыйынтык чыгарабыз. Бүгүнкү конференцияда эң мыкты макала ээлери үчүн акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшрылат”-деди Абсатаров.

Секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro