Математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
13 декабрь 2022
426

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде факультеттер аралык волейбол мелдеши болуп өттү

    ОшМПУда  факультеттер  арасында  уюштурулуп келе жаткан спорттук мелдеш Математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан өткөрүлдү.   

Иш чаранын максаты жана милдети:

-Ден соолукту чындоо жана спортко кызыгууну арттыруу, жаматтын ынтымактыгын, достугун бекемдөө

-Спортту пропагандалоо жана иш менен айкалыштыруу

-Спортту мындан ары өнүктүрүү

-Педагогикалык ишмердүүлүктө чыгармачылык менен иштөөгө жетишүү.       

Мелдеште төмөнкү командалык тартиптин негизинде уюштурулду.

1. Административдик чарба бөлүму

2. Гуманитардык жана Кыргыз-Россия факультети

3. Математика жана компьютердик технологиялар факультети

4. Музыкалык-педагогикалык факультети

5. Табият таануу жана география факультети

6. Колледж

 

  Факультеттеги эжекелер, агайлардан түзүлгөн командалардын арасында  волейбол боюнча мелдеш өткөрүлөт.  Ушул иш чараны өткөрүү Математика жана компьютердик технологиялар факультетине жүктөлуп, 2022-жылдын 8-9-декабрь күндөрү  өткөрүлдү. Бул иш чарага факультеттердин командалары активдүү катышты. Мелдеш кызыктуу аракеттенүү менен  өттү. Дене тарбия факультетинин мугалимдери оюнду  туура баалоо үчүн судья болушту. Мелдештин өткөрүүнүн шарттары: - Волейбол боюнча мелдештин катышуучулары 2 (эки) тайпага бөлүнүп, мелдеш айлампа ыкмасы менен өткөрүлдү. Баштапкы оюндар 3 (үч) партиядан ойнолду. Тайпадан биринчи орунду ээлегендер I, II орунга ат салышса, тайпадан экинчи орунду ээлегендер III, IV орун үчун күч салышышты. Жыйынтыгында агайлар командаларынан 1-орун Административдик чарба бөлүму, 2-орунду Табият таануу жана география факультети, 3-орун Ынтымак командасы (Гуманитардык жана Кыргыз-Россия факультетинин курама командасы), ал эми эжейлер командаларынан 1-орун Табият таануу жана география факультети, 2-орун Музыкалык-педагогикалык факультети, 3-орун окуу жайдын колледж бөлүмү ээлешти. Жеңүүчүлөргө жана ар бир факультеттин мыкты оюнчусуна сыйлыктар берилди. Факультет кийинки оюнду уюштуруу үчүн жоопкерчиликти Гуманитардык факультетке өткөрүп берди.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro