16 декабрь 2022
572
Математика жана компьютердик технологиялар факультети
2022-жылдын 16-декабрында КРнын Президенти С. Н. Жапаров өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын "мыкты" деп табылган 70 студентине Президенттик стипендия жана Ардак грамота, 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин Ми(б)-19 тайпасынын студенти Эсеналиева Роза да Кыргыз Республикасынын Президенттик стипендиясына татыктуу болду.
Биз факультеттин жамааты Розанын ийгилиги менен куттуктайбыз. Ийгиликтин артында тынбаган эмгек жатат. Жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштардан болгону бизди сүйүнтүрөт. Дагы да алдыдыдагы бийиктиктерди багындыра беришиңди каалайбыз. Биз сени менен сыймыктанабыз.