Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » » ПРОФЕССОРДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
16 апрель 2022
13 692

ПРОФЕССОРДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

ПРОФЕССОРДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция болуп өттү.
Иш чара “Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү” аталышында болуп, ага Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы ЖОЖдордун студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучулар алгач Мадраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган тасмага күбө болушту. Аны улай пленардык жыйында студенттер өз баяндамаларын жасашты.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров бүгүнкү конференция жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, иш чаранын жүрүшүнө токтолду.
“Конференцияга жалпы 119 макала келип түшкөн. Катышуучулар 5 секцияга бөлүнүшүп, макаларалын коргошту. Ал эми пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндамалар өзгөчө жана мыкты болду деп белгилейм. Мындан сырткары секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамаларын коргогон соң, жыйынтык чыгарабыз. Бүгүнкү конференцияда эң мыкты макала ээлери үчүн акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшрылат”-деди Абсатаров.
Секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro