СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫ ӨТТҮ
19 май 2023
286

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫ ӨТТҮ

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА МЫКТЫ САБАК СЫНАГЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студент-практиканттары ортосунда өткөн «Мыкты сабак» сынагы уюштурулду.
Сынак компетенттүү адис даярдоо максатын көздөй жалпы 3 турдан туруп, 19-май күнү жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. Эстафетага факультеттин математика жана информатика адситигинен 6 студенти катышып, алар алгач сынакка катышууга резюме тапшыруу менен тандалып алынган.
1-турда ар бир студент өздөрүнүн практикалык портфолиосун тапшырышкан. 2-турда практиканттар ачык сабактарды өтүшүп, ага окутуучулардан дайындалган калыстар тобу катышып, өз баасын коюп келишкен. 3-турда болсо катышуучулардын чыгармачылыгы сахнада бааланып, педагогикалык ситуацияга багытталган тапшырмаларды аткарышты. Соңку баскычта Блиц турнир болуп, мында студенттер суроолорго жооп берүү менен өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында 3-орунду Ми-20 тайпасынын студенти Жумайым Топчуева, 2-орунду Ин-20 тайпасынын студенти Огулай Жоробаева жана 1-орунду Ин-20 тайпасынын студенти Нуркыз Азимжан кызы ээледи. Катышуучулардын баары уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланып, иш чарага катышуу менен өздөрүнө бир канча тажрыйба арттырганын байкай алдык.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro