ОшМПУ жана ЯГПУ КЕЛИШИМДЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ жана ЯГПУ КЕЛИШИМДЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙТ
1 июнь 2023
267

ОшМПУ жана ЯГПУ КЕЛИШИМДЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙТ

ОшМПУ жана ЯГПУ КЕЛИШИМДЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙТ
1-июнь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Ярославь мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү жана ортосунда онлайн жолугушуу болуп өттү.
Аталган жолугушууга окуу жайдын математика жана компьютердик технологиялар факультетинин профессордук - окутуучулук жамааты катышып, алар эл аралык байланышты бекемдөө жана буга чейин түзүлгөн келишимдери жүзөгө ашыруу максатында ЯГПУнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Мында ЯГПУнун илимий иштери боюнча проректору Александр Ходырев окуу жайы тууралуу кеңири маалымат берип, өзүнүн бир топ сунуштарын билдирди. Ага ылайык окуу жайлар педагогикалык билим берүү багытында физика - информатика жана математика информатика адистиктери боюнча эки профилдүү бакалавр даражасында кош дипломдуулук программасын талкуулашты. Аны түзүү, ишке ашыруу жана эки тараптын функциялары жөнүндө тийиштүү маселелерди баарлашышты.
Жыйынтыгында эки окуу жайдын байланышы алдыда студенттердин мобилдүүлүк программасынын, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу иштериннин жана кош дипломдуу программанын ишке ашусуна жол ачаарын белгилешти.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro