МЖКТФда БҮТУРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
3 июнь 2023
285

МЖКТФда БҮТУРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

2-июнь 2023-жыл Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан бүтүрүүчүлөргө арналган “Акжол, бүтүрүүчү” иш чарасы өткөрүлдү.  Факультеттин деканы п.и.к., доцент К.Т. Турдубаева куттук айтып, факультеттеги 4-жыл ичиндеги жетишкен ийгиликтерге токтолду. Анда факультеттеги адистиктердин аккредитациядан жакшы көрсөткүч менен өткөндүгү, 2020-2021 окуу жылына Информатика адистигинин студенти Эргешбай кызы Аселкан Президенттин “Үмүт” стипендиясынын ээси, 2022-2023 окуу жылында математика адистигинин быйылкы бүтүрүүчүсү Эсеналиева Роза Президенттин “Үмүт” стипендиясынын ээси болгондугун белгиледи. Ошондой эле факультетте салтка айланып калган студент-практиканттардын арасында “Мыкты сабак” конкурсунун жогорку деңгээлде өтүшү, Факультеттин аксакалы, профессор Мадраимов Сапарбек агайдын 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн жолугушуу, илимий конференциялар, “Аялзат-аалам ажары” аттуу конкурстар ж.б. өткөрүлгөн иш чаралар болочок мугалимдерге жакшы таасир калтырды. Ошентип, ар бир ийгиликтин артында тынбаган, изденген эмгек жатаарын белгиледи.
Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын башчысы ага окутуучу Бердибекова К, Математика жана менеджмент кафедрасынын башчысы п.и.к. Исакова В, тайпалардын кураторлору Момунова Н, Бердибекова К жана факультеттин тажрыйбалуу окутуучулары бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектерин айтышты.
Салтанаттын жүрүшүндө факультеттин деканы тарабынан окуудагы, практикадагы жараткан ийгиликтери, факультетте уюштурулган ар кандай иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн бутүрүүчүлөргө "Ардак грамота" жана ата-энелерине "Ыраазычылык кат" тапшырылды.
Ошондой эле эле 1-курсттар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда салтка айланган “1- курсттардын сынагына сынбайсынбы?” конкурсу уюштурулуп, ага бүтүрүүчүлөрдөн математика адистигинин бүтүрүүчүлөрү Бабакулов Тынчтыкбек, Белек кызы Чолпонай, ал эми Информатика адистигинин бүтүрүүчүлөрү Казыбеков Максатбек, Мамырова Ноорузгүл студенттердин суроолоруна жооп беришти.
“Ак терек, көк терек" конкурсу уюштурулуп, ага бүтүрүүчүлөрдөн математика командасы жана информатика командасы катышты. Ал үч турдан туруп, 1-турда музыканын аталышын табуу жана ырдап берүү, 2-турда пантомимо тапшырмасы, 3-турда сүрөт боюнча эже агайларды таануу тапшырмалардан өтүштү. Бул конкурска да бүтүрүүчүлөр кызыгуу менен катышышты.
Акырында бүтүрүүчүлөр билим-тарбия берген профессордук окутуучулук жамаатка ыраазычылыгын билдиришти, ал эми 1-курсттун студенттерине каалоо тилектерин айтып, бүгүнкү иш чара үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro