МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 1-КУРСТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ
МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 1-КУРСТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде 1-курстарды кабыл алуу аземи өткөрүлдү.
Факультеттин окутуучулук жамааты жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин концерттик программасына жана сыйлоо аземине күбө болушту. Иш чара 17-ноябрь студенттер күнүнө карата өткөрүлүп, мында студенттик күндөрдү чагылдырган ырлар, поэзия мүнөттөрү тартууланып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Бул менен бирге окууда, шаардык, эл аралык сынактарда, спорт жаатында, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан жигердүү студенттерге факультет тарабынан Ыраазычылык кат жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына, студенттик сапарына ийгиликтерди каалап өтүштү.