Математика жана компьютердик технологиялар факультети
Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучусу Ырысбаева Айсырганын жетекчилигинде бардык факультеттердин студенттеринин арасында 23-сентябрь Кыргыз тили күнүнө карата жарыяланган айлык иш чаранын алкагында "Кыргыз тили технология заманында" аталышында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага ар бир факультеттерден 4 команда ат салышты. Салттуу билимдерди берүү жараяны болсун, же улуттук тарбия баалуулуктары болсун, баары бир учурда санарип, цифровизация болуп жаткан өнүгүү прогресс маалында технология менен тилди тең айкалыштыруу абдан пайдалуу жана өз нугуна жараша түйшүк. Бирок, биз андан коомайлап өтпөй, түздөн түз таасир берүү максаты коюлду. Улуу элдин Улан кыздары катары тилибиздин абалын моюнга алып, аны технологиялык өсүш менен шөкөттөп, аны коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө колдонууга чакырык жасап жатабыз. Биздин милдет ар бир жүктү тил жаатындагы өкүлдөрүнө жүктөп тим болбой, жабыла көтөргөн жүк жеңил болот деген ураан менен тил кунуно карата "Кыргыз тили технология заманында" аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.