Математика жана компьютердик технологиялар факультети
10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк илим күнү ОшМПУда белгиленди
Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин көргөзмөсү
Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы – Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү. Бул кун коомчулукка пайда алып келүү үчүн илимге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, адамдардын илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатууну максат кылат. Майрам эс алуу күнү деп жарыяланбаса дагы, ар бир өлкөдө илим темасындагы майрамдык маанайдагы иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күндү окуу жай жылда белгилеп келет. Факультеттердин өзгөчө даярдыгы бизди кубантат.
Иш чарага биздин окуу жайдын студенттери Илим күнүнө активдүү катышып, илимий изилдөөлөргө жана окууга чыгармачылык менен мамиле кылууга кызыгышын көрсөтө алышты. Иш-чара илимди жайылтуу, студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана илимий демилгелерди колдоо максатында уюштурулган.
Илим күнүнүн урунттуу учурларынын бири студенттердин илимий изилдөөлөрүндө жана Чыгармачыл долбоорлорунда жараткан кол өнөрчүлүк жактарын да көрсөтүштү. Залда биздин студенттер изилдеп жаткан темалардын жана чөйрөлөрдүн ар түрдүүлүгүн чагылдырган уникалдуу жана креативдүү кол өнөрчүлүк экени билинди.
Ар кандай курстардын студенттери өз долбоорлорун, анын ичинде моделдерди, прототиптерди жана инновациялык идеяларды сунушташты. Ар бир кол өнөрчүлүк кылдат даярдалып, маалыматтык түшүндүрмө кат менен коштолуп, изилдөөнүн маңызы, колдонулган методдор жана алынган жыйынтыктар көрсөтүлдү.