Математика жана компьютердик технологиялар факультети
ОшМПУда"ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2023" КАРОО-СЫНАГЫ
Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенттери ОшМПУнун "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2023" КАРОО-СЫНАГЫда
ОшМПУнун Жаштар комитети тарабынан 1-курсттардын арасында уюштурулган "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2023" КАРОО-СЫНАГЫна кабыл алынган жобого ылайык Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин 1-курсунун таланттуу студенттери катышышты.
Өнөрлүү жаштардын башын бириктирген бул сынак университеттин Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, жаңыдан келген студенттердин алгачкы чоң сахнага чыгуусуна жана таланттарын таанытууга шарт түзүлдү.
Иш чарада студенттер жободо көрсөтүлгөн талапка ылайык фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүштү.
Мында калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган өнөр ээлери гала концерттке кароо-сынактын жеңүүчүлөрү катары жолдомо алышты.
Комуз күү: Көчөрова Маржана Ин-23
Манас: Зайнабиддинова Жумагүл Ин-23
Бий: индия бийи Зундубаева Гүлнур Ин-23
Көркөм окуу: Апа сенин урушканын сагындым Ысмаилова Аида Ми-23
Алып баруучу: Шугурбек уу Абдуллах Ми-23
Чыгармадан үзүндү: Ч.Айтматов повесть Ми-23 (Аширов Давлетбек, Нарынбаев Куддус, Орозбекова Мадина, Курбанова Айзирек)