Математика жана компьютердик технологиялар факультети
Математика жана компьютердик технологиялар факультети
ОшМПУнун 1- курстагы окуган студенттердин ортосунда спорттун 5 түрү боюнча мелдеш өттү.
Иш чара студенттерди дене тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында Дене тарбия факультети, профсоюз комитети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, тогуз коргоол, шахмат стол теннис түрлөрү боюнча Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин 1-курсунун студенттери мыкты оюн көрсөтүшүп, шахмат жана тогуз коргоол оюндары боюнча биринчи жана экинчи орундарга ээ болушту.
Шахмат оюну боюнча:
1 – орун Кошой кызы Таксира, Назарова Гүлмайрам Ин -23
Тогуз коргоол боюнча:
2 –орун Пазылова Тинатин, Жумабай кызы Фарида, Нарынбаев Куддус, Зиабидин кызы Назира, Аширов Давлеттер мыкты оюн көрсөтүшүп, университеттин курама командасына кабыл алынышты.