Математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
8 декабрь 2023
84

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде Адеп башаты диний уюмунун координатору, теолог Искаков Адилет Ракимжанович жана теолог Кенжетаев Арген менен  факультеттин окутуучулук жамааты жана студенттердин ортосунда «Илим билимдин негизинде ислам дини» аталышында жолугушуу болду.

Искаков Адилет өзүнүн презентациясында: Дин деген эмне, диндин келип чыгышы, ислам дини, диний көйгөйлөр жана коомдун радикалдашуусунун себептери жөнүндө маалымат берди.

Жыйынтыгында лектор "билимдүү адам ар кандай терс көрүнүштөргө туруктуу болот. Өзүнүн динин туура тандай алат", деп студенттерди китеп окуп, билимдүү болууга жана туура жол тандоого чакырды.   Көптөгөн студенттер талкууга катышып, азыркы мезгилдеги диний агымдар, аларды айырмалоо; кийим кийүүнүн адеби, ж.б. суроолоруна жооп алышты.

Факультеттин деканы аларга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу дагы болоорун айтып тыгыз кызматташууга чакырды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro