Математика жана компьютердик технологиялар факультети
«РЕКТОРДУН КУБОГУ 2023» БИЛИМ ТАЙМАШЫ
Жаштардын билимин жана интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө багытталган бул таймашта катышуучулар улуттук баалуулуктар, Кыргызстандын улуу инсандары, накыл кептер, логика, сөз байлык жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын камтыган суроолорго жооп берип, бүйүр кызыткан таймаш курушту.
Жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен 3-орунду Кыргыз Россия факультетинин студенти Омар Мажитов, 2-орунду музыкалык – педагогикалык факультетинин студенти Нурпери Ысмаилова, ал эми
1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Венера Рысбаева багындырды.
Студенттер арасында өткөрүлгөн «Кыргызстандын мыкты студенти 2023» республикалык сынагынын жеңүүчүсү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти Рыспаева Венера II даражагы диплом менен сыйланат.
Белгилей кетсек, аталган билим таймаш окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.