Математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
28 декабрь 2023
79

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде жылды жыйынтыктоо иш чарасы өттү.

2023-жылдын 26-декабрында Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин  жалпы эмгек жамаатына, студенттерге  арналган жылды жыйынтыктоо жана бир катар агартуучуларга, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге факультеттин диплом, грамоталарын тапшыруу иш-чарасы болуп ѳттү.

Факультеттин деканы п.и.к, доцент Турдубаева К.Т.  ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин окуу жайдын рейтингин көтөрүүдө, окутуунун сапатын жогорулатууда кошкон салымы үчүн факультеттин илимий иштеринин жылдык жыйынтыктоо отчетунун негизинде эң жогорку балл алган Арынбаев Э. К. 1-даражагы диплом менен, Ырысбаева А 2-даражадагы диплом менен, Жумабаева А 3- даражагы диплом менен, ал эми калган окутуучулар Ардак грамота менен сыйланышты.

Ал эми студенттер үчүн, Эл аралык деңгээлде уюштурулган олимпиадага (конкурска), окуу жай, факультет тарабынан уюштурулган иш чараларга, конкурсттарга катышып, мыкты көрсөткүчтү көрсөткөндүгү үчүн факультет тарабынан “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ” деп табылды.

Ар бир курстун студенттери жетишкендиктерин презентациялашты. “Ректордун билим кубогу 2023” таймашында биринчи орунду багындырган Ин-20 тайпасынын студенти Рысбаева Венера, Жеңил атлетика боюнча шаардык, республикалык мелдештерде алгылыктуу орунду алып келген Ин-22 тайпасынын студенти Ибраимов Рахматулла, эл аралык олимпиадаларда, “Мыкты сабак” конкурсунда мугалимдик чеберчилигин көрсөтүп  студенттер белгиленди.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro