НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР УЛАНУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР УЛАНУУДА
20 март 2024
70

НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР УЛАНУУДА

НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР УЛАНУУДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Нооруз майрамына карата иш чаралар уланууда.
Катарда математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан “Кош кел Нооруз жергеме” аталышында сынак уюштурулуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай жаратышты. Иш чара 3 этаптан туруп, ага аталган факультеттен чыккан 8 тайпа катышты.
Мында катышуучулар алгач кыргыз улуттук тамактарын стол үстүно жайып, аларды чечмелеп айтып беришти. Андан соң каада-салттардан, үрп-адаттардан, кыргыз улуттук оюндарынан сахналык көрүнүш аткарып, улуттук кийимдерди жана боз үйдү презентациялашты. Ошондой эле кыз-жигит сармерден оюну коюлуп, “Устуканды туура тартууну билип ал” аттуу түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчү тайпалар жана активдүү катышкандар уюштуруу тобу тарабынан грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Иш чаранын кечки бөлүгү аталган факультеттин окутуучулук жамаатынын жана студенттеринин дасторкон жайып, сый-тамактарды тартуусу менен уланды. Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат катышып, алакан жайып, жаңырган жыл жалпы журтка, элге тынчтык алып келген жылдардан болуусун ниет кылышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro