Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН “МЫКТЫ САБАК 2024” СЫНАГЫ УЮШТУРУЛДУ
23 май 2024
108

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН “МЫКТЫ САБАК 2024” СЫНАГЫ УЮШТУРУЛДУ

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН “МЫКТЫ САБАК 2024” СЫНАГЫ УЮШТУРУЛДУ

 

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студент-практиканттары ортосунда өткөн «Мыкты сабак 2024» сынагы жыйынтыкталды.

 

Аталган сынак компетенттүү адис даярдоо максатын көздөө менен  жалпы 3 турдан туруп, 21-май күнү жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. Эстафетага факультеттин математика жана информатика адситигинен 8 студент катышып, мында  алгач катышуучулар сынакка катышуу үчүн  резюме тапшырып, анын жыйынтыгы менен тандалып алынган.

 

Алгачкы турда ар бир студент өздөрүнүн практикалык портфолиосун тапшырышып, 2-турда практиканттар ачык сабактарды өтүшүп, ага окутуучулардан турган атайын калыстар тобу өз бааларын беришти. Ал эми соңку жыйынтыктоочу турда катышуучулардын чыгармачылыгы сахнада бааланып, педагогикалык ситуацияга багытталган тапшырмаларды аткарышты. Бул менен бирге блиц турнир өткөрүлүп, мында студенттер суроолорго жооп берүү менен өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.

 

Жыйынтыгында 3-орунду Ми-22 тайпасынын студенти Мадина Макулбек кызы, 2-орунду Ин-22 тайпасынын студенти Айзат Аскарова жана 1-орунду Ин-20 тайпасынын студенти Венера Рысбаева  багындырды. Жеңүүчүлөр   уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланып,  катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro