Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
1 июнь 2024
154

СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ

СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде  студенттердин ата – энелери менен жолугушуу уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.

Иш чарага аталган факультеттин окутуучулар жамааты, бүтүрүүчүлөр, ата – энелер жана студенттер катышты. Мында алгач студенттердин ата – энелеринен анкеталар алынып, окутуучулар тарабынан факультет тууралуу  жалпы маалымат берилип, видео тасма көрсөтүлдү.

Аны улай таланттуу студенттер тарабынан чакан концерттик программа коюлуп, 1-курстардан бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектер айтылып, белектер тапшырылды. Студенттер ата – энелерге ыр арнап, обон созуп, саамалык жандуу аудиториянын коштоосунда өттү.

 Бул менен бирге окууда мыкты ийгиликтерге жетишкен, коомдук иш чараларга активдүү катышкан үлгүлүү студенттерге окуу жайдын жана мэриянын Ардак грамотасы, ал эми ата – энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro