СТУДЕНТТЕРГЕ АРНАЛГАН ТИЛ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ ТАЙМАШЫ
СТУДЕНТТЕРГЕ АРНАЛГАН ТИЛ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ ТАЙМАШЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата “Тил жана технология” аталышында интеллектуалдык таймаш өттү.
Иш чара математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулуп, мында факультеттерден суурулуп чыккан 5 команда оюн курушту. Жобого ылайык катышуучулар алгач өз командаларын тааныштырып, андан соң “Тил жана технология” деген темада даярдап келген презентацияларын көрсөтүштү.
Бул менен бирге жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн чыгармаларды атап айтып, сүрөттөрдө катылган омонимдерди, кыргыздын залкар инсандарын табуу тапшырмаларын аткарышты. Катышуучулар команда менен иштөөсүнө, билимине, тапкычтыгына, технологияны пайдалана алуусуна карап атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында 3-орунду гуманитардык факультетинин “Эврика” командасы, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Тил ааламы” командасы, ал эми 1-орунду Кыргыз-Россия факультетинин “Эрудит” командасы багындырды. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом, грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.