ОшМПУда белгилүү илимпоз Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда белгилүү илимпоз Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди
28 октябрь 2024
84

ОшМПУда белгилүү илимпоз Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди

ОшМПУда белгилүү илимпоз Миталип Тайировдун 70 жылдыгы белгиленди
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде физика-математика илимдеринин доктору, профессор Миталип Тайировдун 70 жылдыгына карата жолугушуу уюштурулду.
Иш чара “Эмгек гана илимде ийгиликке жеткирет” аталышында өтүп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат, Миталип Тайировдун Ош жана Баткен облусунан келген кесиптештери, достору, санаалаштары жана студенттер катышты. Алгач катышуучулар илимпоздун өмүр жолун чагылдырган документалдуу тасмага күбө болушту.
Саамалыктын биринчи бөлүгүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөө менен бирге чебер педагог Миталип Тайировго ОшМПУнун ардактуу профессору сыймыктуу наамын ыйгарды. Аны улай окумуштуунун жалпы алыс-жакындан келген жакындары куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, аны менен бирге иштешкен жылдарды эске салышып, Миталип Тайировдун илимдеги орду тууралуу кенен кеп козгошту.
Жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында уланып, мында катышуучулар тарабынан бир топ кызыктуу сууроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Ошондой эле иш чара музыкалык-педагогикалык факультетинин чакан концерттик программасы менен коштолду.
Белгилей кетсек аталган саамалык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Миталип Тайировдун 70 жылдык юбилейине карата окуу жайдын математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.
Маалымат иретинде, Миталип Муратович Тайиров 1954-жылы 14-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кароол айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1969-жылга чейин 8 жылдык билим алып, кийин 1971-жылы 10 жылдык Козубай атындагы мектепти бүтүргөн. 1975-жылы азыркы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Козубай атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөө менен баштаган. Андан соң ОшМУда эмгек жолун улап, лаборант, стажер-изилдөөчү, аспирант, окутуучу, ага окутуучу, доцент, бөлүм башчы жана декандындын орун басы кызматтарында бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген. Ал эми 1983-жылы Эстон ССР илимдер академиясынын Физика институтунда кандидаттык диссертациясын, ал эми 2000-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Учурда БатМУнун алдында түзүлгөн КГПИ дал ушул Миталип Тайиров агайдын ысымын алып жүрөт. Окумуштуу 100дөн ашуун илимий эмгектердин жана 1 монографиянын автору, эл аралык “Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг” агенттигинин (НААР-Астана, Казакстан) 1-категориядагы эксперти. Алтын сертификаттын ээси (2021-ж.). Кыргыз Республикасынын, жогорку кеңештин жана Билим жана маданият министрлигинин жана бир топ университеттердин Ардак грамоталары менен сыйланган. Учурда профессор Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде да үзүрлүү эмгектенип келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro