ОшМПУда РОБОТОТЕХНИКА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
3 февраль 2025
155

ОшМПУда РОБОТОТЕХНИКА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ОшМПУда РОБОТОТЕХНИКА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде Робототехника борбору ачылып, кызыл тасмасы кесилди.

Ачылуу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик курам жана аталган факультеттин жамааты катышып, алгач коноктор аталган борбордун кызыл тасмасын кесишти. Ага ылайык долбоордун негиздөөчүсү Айсырга Ырысбаева каананын ичиндеги жабдыктар жана андагы мүмкүнчүлүктөр, роботтордун иштөө механизми тууралуу маалымат берип, кенен тааныштырып өттү.

Аны улай катышуучуларга студенттер тарабынан жасалган роботтор көрсөтүлүп, мында алар ошол долбоорлорунун негизинде  ЖОЖдор аралык сынактарга катышуу менен тажрыйба алмашып келгендигин айтышты.

“Аталган факультетте физика-метематикалык билим берүү багыты жана информатика профили адистиги бар. Мына ошол адистикте азыркы мезгил талабына ылайык робототехника предмети окуу планына ылайык киргизилген. Сабакта теориялык билимди практика жүзүнө ашыруу үчүн  сөзсүз түрдө каражаттар мн камсыз кылуу керек. Бизге бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген  жетекчиликке терең ыраазычылык билдиребиз” – дейт информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын башчысы Кандалат Турдубаева.

Алдыда аталган лаборотория студенттердин технологиянын заманбап жетишкендиктерин өздөштүрүүсү, чыгармачылыгын өнүктүрүүсү жана инновациялык идеяларды ишке ашыруусу үчүн кызмат көрсөтөт. Иш чаранын соңунда робототехника предметин мыкты өздөштүргөн студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек аталган борбор университеттин 100 жылдыгына, математика жана компьютердик технологиялар факультетинин математика жана информатика адистиктеринин ачылгандыгынын 20 жылдыгына карата окуу жай жетекчилигинин колдоосу менен  түзүлдү.   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro