Окутуучуларга арналган кезектеги конок-лекция » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Окутуучуларга арналган кезектеги конок-лекция
10 март 2025
7

Окутуучуларга арналган кезектеги конок-лекция

Окутуучуларга арналган кезектеги конок-лекция
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргызтест мекемесинин субтесттери менен иштөөнүн жолдору” аталышында конок-лекция өткөрүлдү.
Лекциянын коногу Ош технологиялык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Жыпаргүл Айтибаева болуп, ага окутуучулар катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө “Кыргызтест” боюнча кеңири маалыматтар берилип, анда камтылган 5 субтесттер менен кантип иштөө керектиги айтылды. Ошондой эле субтесттердин ар бирине карата тесттер, тексттер, мисалдар келтирилип, практика жүзүндө көрсөтүлүп, саамалык кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Белгилей кетсек аталган конок-лекция окуу жайдын 100 жылдыгына карата математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro