ОшМПУда үч жаңы методикалык колдонмонун бет ачары болуп өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда үч жаңы методикалык колдонмонун бет ачары болуп өттү
16 апрель 2025
16

ОшМПУда үч жаңы методикалык колдонмонун бет ачары болуп өттү

ОшМПУда үч жаңы методикалык колдонмонун бет ачары болуп өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде билим берүү тармагына арналган үч жаңы методикалык колдонмонун салтанаттуу бет ачары өткөрүлдү.
Иш-чара математика жана компьютердик технологиялар факультетинин информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилик жамааты, окутуучулар, мектеп мугалимдери жана студенттер күбө болушту.
Алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков салтанатты расмий ачып берип, билим берүү тармагындагы бул маанилүү кадамды жогору баалап, авторлорду жана жамаатты кызуу куттуктады. Андан соң катышуучуларга жаңы колдонмолордун мааниси жана мазмуну жакындан тааныштырылды.
Мында китептин авторлору Алтыбаева М.А, Ырысбаева А.А, Турдубаева К.Т “7-класста информатиканы окутуу” колдонмосу тууралуу кеңири маалымат беришти. Андан соң Ырысбаева А.А. – “Mozabook электрондук ресурсун окутууда пайдалануу” , Бердибекова К.., Жоробаева О., Нурмамат кызы Г “Билим берүүдө жасалма акылды жана жаңы технологияларды колдонуу” аталышындагы эмгектери боюнча колдонмонун мазмуну, максаты, аны практика жүзүндө колдонуу тууралуу баяндама жасашты.
Саамалыктын жүрүшүндө коноктор жана мугалимдер сөз сүйлөп, жаңы колдонмолор тууралуу ой бөлүшүп, рецензент катары мектеп мугалимдери жана окутуучулар өз бааларын беришти. Ошондой эле ачык микрофон форматында суроо-жооп уюштурулуп, түрдүү пикирлер айтылды. Бул иш-чара азыркы билим берүү технологияларын өнүктүрүү жана заманбап санарип ресурстарды жайылтуу максатын көздөйт.
Аталган эмгектер — билим берүү процесстерине технологияларды интеграциялоонун жандуу мисалы боло алат. Айрыкча информатика сабагын окутууда колдонулуучу ыкмаларды жаңыртуу менен, мугалимдерге чоң жардам болору белгиленди. Бет ачар жыйынтыкталгандан соң, атайын көргөзмө өткөрүлүп, анда колдонмолор тааныштырылуу менен катышуучуларга жеткиликтүү болду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro