18 апрель 2025
26
ОшМПУда информатика боюнча студенттер арасында викторина өткөрүлдү
ОшМПУда информатика боюнча студенттер арасында викторина өткөрүлдү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде студенттерге арналган викторина өттү.
Билим таймашына факультеттин бардык курстарынан тандалып алынган студенттер катышып, анда өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн жана практикалык даярдыгын көрсөтүштү. Викторина төрт турдан туруп, ар бири түрдүү тапшырмалар жана кызыктуу суроолор менен коштолду.
Биринчи турда студенттер Google Form аркылуу тест тапшырып, ар бир топтун орточо жыйынтыгы чыгарылды. Экинчи турда блиц-суроолор берилсе, үчүнчү турда логотиптерди табуу жана текстти тез терүү боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды. Соңку төртүнчү турда логикалык суроолорго жана программалардагы каталарды оңдоого басым жасалды.
Мында жалпы беш команда күч сынашып, жыйынтыгында 3-орунга КМИ(2)-24 тайпасы, 2-орунга Ин-22 тайпасы, ал эми 1-орунга Ин-24 тайпасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Аталган викторинанын негизги максаты — студенттердин информатика боюнча алган билимдерин кайра бекемдөө, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп саналат.