1 октябрь 2025
5
ОшМПУнун математика жана компьютердик технологиялар факультетинде конок-лекция өттү
ОшМПУнун математика жана компьютердик технологиялар факультетинде конок-лекция өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде конок-лекция уюштурулду.
Иш-чара окуу жайдын 100жылдыгына карата өткөрүлүп, ага аталган факультеттин окутуучулары катышты. Мында Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Хамзаева Айнура конок катары чакырылып, ал катышуучуларга «Илимий метрикалык маалымат базалары» темасында лекция окуду.
Конок-лекциянын жүрүшүндө илимий маалымат базалары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, негизги илимий-матрицалык көрсөткүчтөр тууралуу кеңири баяндалды. Ошондой эле Scopus, РИНЦ, H-индекс сыяктуу базалар боюнча түшүндүрмөлөр берилип, макаланы даярдоо жана жарыялоо жолдору, импакт-фактор, Хирш индекси, квартиль (Q), шилтемелер жана байланбаган публикациялар тууралуу маалыматтар сунушталды.


