ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ КАЗАНДАН ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫП КАЙТЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ КАЗАНДАН ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫП КАЙТЫШТЫ
8 февраль 2023
236

ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ КАЗАНДАН ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫП КАЙТЫШТЫ

ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ КАЗАНДАН ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫП КАЙТЫШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене-тарбия жана музыка адистиги боюнча 24 окутуучу Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна барып, өз квалификациясын жогорулатуу менен тажрыйба алмашып кайтышты.
Ага ылайык окутуучулар 11-январдан 27-январга чейин атайын курстан өтүшүп, түрдүү семинар-тренигдерге катышуу менен жаңы инновациялык методдорду үйрөнүштү.
Мында Елабуга институтунун окутуучулары музыка, педагогика, психология багытында интерактивдүү сабактарын өтүп, өздөрүнүн окутуудагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 2 жума бою улам жаңы маалыматтарды алып, жаңы усулдарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алган окутуучулар бул сапарды абдан ийгиликтүү болгонун белгилешти.
“ Биз барганда алгач институттун өкүлдөрү кичипейилдиги, сылыктыгы менен жылуу тосуп алышты. Сабактар өтө пунктуалдуу өтүлүп, кечигүү жокко эсе болду. Заманбап санариптештирүүнү сабакта колдонуунун бир топ жаңы үлгүлөрү менен тааныштык. Аны менен катар бала бакчаларга, мектептерге барып, эл аралык музыкалык жетекчилердин региондор боюнча аткарган кызматы менен таанышып чыгууда, абдан көп идеялар жаралды. Көп сандагы окутуучуларга шарт түзүп, бардык чыгымдарды көтөргөн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык айтам-, деп билдирди Жамийла Усубалиева.
27-январь күнү курс жыйынтыкталып окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болду. Мында кыргыз элинин маданиятын даңазалоо максатында фольклордук концерт коюлуп, кыргыз жана татар элинин биргелешкен концерттик программасы аткарылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro