ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
16 май 2023
201

ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясы болуп өттү.

Саамалык “Учурдагы билим берүү маселелери студенттердин көз карашында” аталышында болуп, ага Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын орто кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайларынын студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышты.

Конференцияны университеттин илимий иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров ачып берген соң, пленардык жыйындын докладдары окулду. Мында баяндамачылар билим берүү багытында бир канча актуалдуу жана көйгөйлүү темалардын үстүндө даярдалган макалаларын коргоп беришти.

Иш чаранын 2-бөлүгүндө  катышуучулар секциялык иштерге бөлүнүп, өз баяндамаларын жасашты. Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы менен конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга жана активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек аталган конференция окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору жана  музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан студенттердин илимий потенциялын жогорулатууга жана ой өрүшүн кеңейтүү максатында уюштурулду.   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro