УЛУУ ИНСАНДАР, УЛУТУБУЗДУН СЫЙМЫГЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » УЛУУ ИНСАНДАР, УЛУТУБУЗДУН СЫЙМЫГЫ
10 октябрь 2023
136

УЛУУ ИНСАНДАР, УЛУТУБУЗДУН СЫЙМЫГЫ

УЛУУ ИНСАНДАР, УЛУТУБУЗДУН СЫЙМЫГЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  “Улуу инсандар, улутубуздун сыймыгы” аталышында маданий иш чара болуп өттү.
Аталган иш чарага музыкалык-педагогикалык факультетинин деканы Кундуз Миңбаева баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Мында көрүүчүлөргө катышуучулар тарабынан Бакен Кыдыкеева жана Насирдин Исанов сындуу улуу инсандарды даңктаган көркөм окуу, монолог жана обондуу ырлар тартууланды. Ошондой эле алардын өмүрү жана чыгармачылыгын чагылдырган видео тасмалар көрсөтүлүп, сахналык көрүнүштөр аткарылды.
Белгилей кетсек, аталган иш чара мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган айлыктын алкагында музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулду.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro