18 март 2024
178
СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.
Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, факультеттин жетекчилик жамааты, окутуучулар жана студенттер ата-энелери менен бирге катышты. Мында алгач ата-энелер балдары билим алып жаткан окуу жайдын материалдык базасы, окуу кааналары, спорт зал жана китепканалары менен таанышып, андан соң жыйындар залына расмий жолугушууга киришти.
Жыйында ата –энелерге факультет тууралуу жалпы маалымат берилип, университетте студентттердин татыктуу билим алуусуна түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр, окуу жүктөмдөрү, окутуучулардын жана студенттердин жетишкендиктери жана окуу жайдагы соңку жаңылыктар боюнча кеңири маалыматтар берилди. Мындан сырткары ата-энелерден анкета алынып, эркин маек куруу менен, бир топ сунуш-пикирлердин үстүндө баарлашуу жүрдү.
Аны улай таланттуу студенттер тарабынан жаштардын маданий чыгармачылыгын көрсөткөн концерттик программа тартууланып, соңунда уюштуруу тобу тарабынан мыкты окуган, коомдук иштерге жигердүү катышкан, үлгүлүү студенттердин ата-энелерине алкыш баракчалар тапшырылды.