Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ
20 март 2024
202

ОКУУ ЖАЙДА НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ

ОКУУ ЖАЙДА НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде Нооруз майрамына карата тайпалар ортосунда сынак уюштурулду.
Иш чара 2 бөлүктөн туруп, алгачкы бөлүгү факультеттин аудиторияларында чакан форматта өткөрүлгөн. Ал эми экинчи бөлүгү бүгүн университеттин жыйындар залында белгиленип, ага аталган факультеттин деканы Кундуз Миңбаева баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Сынакта 1-4-курстардан турган 13 тайпа ат салышып, жобого ылайык катышуучулар жентек берүү, баланы бешикке салуу, бата берүү, алас айтуу сыяктуу улуттук салт-санаалардан сахналык көрүнүш аткарышып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын чагылдырышты. Ар бир тайпага 10мүнөт убакыт берилип, мында катышуучулар улуттук бийлерди, улуттук аспаптардын коштоосунда ырларды, дастандарды айтуу менен бирге кыргыз улуттук кийимдерин да даңазалашты.
Белгилей кетсек, аталган саамалык студенттерди тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, улуттук салт-санааларды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды колдоно билүү, улуттук баалуулуктарды сыйлоо, аны улантуу жана тайпалар ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro