СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
26 март 2024
46

СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

СТУДЕНТТЕРДИН АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Нарктуу үй-бүлөлүк педагогика” аттуу аймактык илимий-теориялык конференция өткөрүлдү.
Саамалык музыкалык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасы тарабынан жаштарды үй-бүлөгө даярдоо максатында уюштурулуп, ага ОшМПУ, БатМУ, КӨЭАУ,ОшТУ, ОшМУ, Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунан келген окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле катышуучулар тарабынан да куттуктоо сөздөрү айтылып, үй-бүлөлүк педагогика боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Андан соң келген коноктор пленардык жыйында өз баяндамаларын жасап, катышуучулар секциялык иштерге бөлүндү.
Конференцияга жалпысынан 100 дөн ашык макала келип түшкөн. Мында катышуучулар 4 секцияга бөлүнүшүп, өз макаларалын коргошту. Секциялык жыйында студенттер заманбап үй-бүлөнүн билим берүү салттары жана баалуулуктары, студент практиканттардын тажрыйбалары, үй-бүлөдө балдарды тарбиялоонун психологиялык мамилелери, билим берүү жана тарбиялоодо этнопедагогиканын учурдагы актуалдуулугу боюнча түрдүү баяндамаларды жасашты.
Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы жарыяланып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Ага ылайык, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro