ОБОНЧУ, КОМПОЗИТОР СООРБЕК КЫНАТОВ ОшМПУда КОНОКТО » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОБОНЧУ, КОМПОЗИТОР СООРБЕК КЫНАТОВ ОшМПУда КОНОКТО
11 апрель 2024
37

ОБОНЧУ, КОМПОЗИТОР СООРБЕК КЫНАТОВ ОшМПУда КОНОКТО

ОБОНЧУ, КОМПОЗИТОР СООРБЕК КЫНАТОВ ОшМПУда КОНОКТО
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КРнын мамданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун мыктысы, композитор Соорбек Кынатов конокто болду.
Мында алгач обончу унверситеттин ректору Бекмурза Зулуев менен жолугушуп, андан соң окуу жайдын жаңы имараты жана музыкалык-педагогикалык факультетинин жамааты менен жакындан таанышып чыкты. Андан соң эмгек жамаат менен студенттер жыйын залында Соорбек Кынатовду жылуу маанайда тосуп алып, композитор катышуучуларга лекция өттү.
Конок – лекция “Хордогу вокалдык навыктар жана дирижирлөөнүн ыкмалары” аталышында болуп, лектор болочок музыканттарга аталган теманын негизинде кеңири маалымат берди. Мында студенттер вокалдык навыктар, хордо туура ырдоо жана чыгармачыл адамдар кандай ырдоо керектигин түшүнүштү. Ошондой эле лектор дирижерлөө ыкмалары боюнча өзүнүн автордук чыгармасын үйрөтүп, Соорбек Кынатовдун шакирттери баритон, тенор үндөрдө обон созушту. Иш чаранын жүрүшүндө музыкалык билим берүү кафедрасынын таланттуу агай-эжекелери жана студенттери каарманыбыздын автордук чыгармаларынан пианинонун коштоосунда жандуу аткарышты.
“Бүгүнкү коногубуз студенттерге чоң таасирин калтырды. Мындай жолугушуулар дагы да бат-баттан уюштурулуп туруусун каалайт элем. Анткени булар аркылуу биздин студенттердин өз кесибине болгон кызуугусу дагы да артат деген ойдомун. Бул иш чаранын бирден-бир максаты дагы мына ушул кесипке багыттоо десем жаңылышпайм”-дейт улук окутуучу Жамийла Усубалиева.
Маалымат иретинде, Соорбек Кынатов бир канча жыл мурда дал ушул Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иштеп кеткен. Учурда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театырында хордун артисти болуп эмгектенет. Обончу айтылуу “Тынчтык керек”, “Кар жаады, кар жаады, бакыт жаады”, “Сүйүү бар кыздардын да жүрөгү бар” , “Апама” жана башка бир топ белгилүү чыгармалардын автору.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro