НИЯЗАЛЫ АТЫНДАГЫ ОШ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда КОНЦЕРТ КОЙДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » НИЯЗАЛЫ АТЫНДАГЫ ОШ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда КОНЦЕРТ КОЙДУ
8 май 2024
37

НИЯЗАЛЫ АТЫНДАГЫ ОШ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда КОНЦЕРТ КОЙДУ

НИЯЗАЛЫ АТЫНДАГЫ ОШ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда КОНЦЕРТ КОЙДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри тарабынан отчёттук концерт өткөрүлдү.
Ага университеттин музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Мында Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри урма, үйлөмө жана кылдуу чертме аспаптардын коштоосунда салттуу музыка боюнча күүлөрдү чертип жылдык отчёттук концертин тартуулашты.
Аталган музыкалык окуу жайдын таланттары бул ирет чопо чоор, сыбызгы, кыл кыяк, ооз комуз, гитара, сурнай, барабан, комуз сыяктуу элдик жана профессионалдык аспаптарда кол ойнотуп, обон созушту. Концерт жандуу аудиториянын коштоосунда өтүп, аталган фольклордук топтун жетекчиси Талгат Зарылбек уулу баштаган студенттерден турган оркестрдик курам орус, казак, түрк элдеринин күүлөрүн жана нукура кыргыз ырларын көрүүчүлөргө сунуп, жогорку деңгээлде ийнине жеткире аткарышты.
Белгилей кетсек, иш чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өз ара окуу жайлар аралык мамилени чыңдоо максатында музыкалык педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro